Бишкектин айрым райдоруна 2 күн газ берилбейт
Бишкек, 20-декабрь /Кабар/. Бишкектин айрым райондорунда 2 күн газ берилбейт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын басма сөз кызматы билдирди
Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу төмөнкү райондордо жаратылыш газы берилбейт:
- 21-22-декабрда Дзержинск, Элебесов, Васильев, Щербаков көчөлөрү менен кесилишкен аймак.
“Газпром Кыргызстан” ЖЧК келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, кырдаалга туура түшүнүүнү өтүнөт.