20.12.2016, 16:47

Берлиндеги жаңжалдын кесепетинен каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок – ТИМ

 Берлиндеги жаңжалдын кесепетинен каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок – ТИМ

Бишкек, 20-декабрь /Кабар/. Берлиндеги жаңжалдын кесепетинен каза болгон жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Берлин шаарынын Полициясынын, андан тышкары Германия Тышкы иштер министрлигинин кризистик кырдаалга реакция кылуу боюнча борборунун болжолдуу маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы 19-декабрда кечинде оор жүк ташуучу унаа белгисиз себептер менен Берлин шаарынын Шарлоттенбург районундагы жаңы жылдык жарманке өтүп жаткан маалда жооп топ элди аралап кирген жаңжалдын кесепетинде каза болгон жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок”,-деп айтылат билдирүүдө.

Берлин шаарынын Полициясынын маалыматына караганда, 20-декабрь саат 10:00го карата (берлин убактысы боюнча) каза болгондордун саны 12ге жетти, жабыркаган 48 адам Берлин шаарынын клиникаларында дарыланышууда.

Элчилик окуянын өнүгүшүн көзөмөлдөп жатат.