Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
20/12 15:40
 

Нарын жана Ысык-Көлдө декларацияга байланыштуу семинар болду

Нарын жана Ысык-Көлдө декларацияга байланыштуу семинар болду

Бишкек, 20-декабрь /Кабар/. 15-16-декабрда Нарын жана Ысык-Көл облустарында кирешелерди, чыгашаларды жана мүлктөрдү декларациядан өткөрүү боюнча кезектеги окутуулар болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик кадр кызматынан билдирди.

Ага мамлекеттик жана муниципалдык 117 кызматкер катышты. Алардын арасында Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров, аппарат жетекчилери, мэрлер, вице-мэрлер, декларацияны жыйноо, тапшыруу боюнча жооптуу кызматкерлер жана кадр кызматынын аймактык өкүлчүлүктөрүнүн жооптуу кызматкерлери бар.

Декларация тапшыруу тенденциясын жакшы экендигин, бирок бланктарды толтурууда ошондой эле кээ бир декларанттар декларацияларын убагында тапшырышпаганы боюнча көйгөйлөр бар экенин кадр кызматынын декларация бөлүмүнүн башкы адиси Ж. Иманалиева билдирди.

Семинарда Ж. Иманалиева кирешелерди жана чыгашаларды декларациядан өткөрүүгө байланышкан актуалдуу маселелер боюнча презентацияларын сунуштады. Аны менен катар бланктарды туура толтуруу, декларация тапшыруунун мөөнөтү жана тартиби боюнча түшүндүрүү иштери болуп өттү. Белгилей кетсек, 2017-жылы мамлекеттик жана кээ бир муниципалдык кызматкерлер декларацияларын бекитилген графикке ылайык тапшырышат, бекитилген график КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын сайтына жайгаштырылат.

1 из 3

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу