Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
20/12 15:24
 

Президент Алмазбек Атамбаев коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бишкек, 20-декабрь /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Баарыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Бул күнү биз улуттук коопсуздук органдарынын кызматчыларынын каармандыгына, бекемдигине, жогорку кесипкөйлүгүнө жана Мекенге берилгендик менен кызмат кылуусуна урмат көрсөтөбүз.

Азыркы мезгилдин шарттарында эл аралык терроризмге, экстремизмге, трансулуттук кылмыштуулукка, наркотрафикке жана коррупцияга каршы туруу глобалдык масштабдагы өтө актуалдуу проблемалар бойдон калууда. Мындай кырдаалдарда биздин өлкөбүздүн тынчтыгы жана эгемендүү жашоосу үчүн жаңы кыйынчылыктар жана коркунучтар келип чыгууда.

Бул жооптуу жана маанилүү миссияны аткаруу үчүн чыныгы патриотизм, чечкиндүүлүк, кесипкөйлүк, каармандык жана өз Мекенине берилгендик зарыл.

Сиздердин кызмат дайыма оор жана коркунучтуу болгон. Кыйынчылыктарга карабастан, өзүңөргө жүктөлгөн милдеттерди ийгиликтүү аткарып жатасыңар – ушул жылда өлкөбүздүн эгемендигин жана конституциялык түзүлүшүн коргоого багытталган, ошондой эле биздин өлкөнүн эле эмес, башка мамлекеттердин да тынчтыкта жашап жаткан жарандарына карата террордук актыларды жасоого ниеттенип жаткан жашыруун террористтик жана экстремисттик топтордун ишине бөгөт коюу боюнча бир катар ийгиликтүү иш-чаралар өткөрүлдү. Бул ишиңер биздин элдин жактыруусун жана колдоосун тапты.

Урматтуу улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери!

Бардыгыбызды бир гана – эркин, тең укуктуу жана ишенимдүү корголгон жарандарыбыз жашаган эгемендүү, күчтүү жана өнүккөн мамлекет куруу максаты бириктирип турат! Баарыбыз биргеликте бул максатка жетерибизге ишенем!

Жалпы элибиздин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерге бекем ден соолук, кызматтагы ийгиликтерди, үй-бүлөлүк бактылуу турмушту, ал эми биздин сүйүктүү Кыргызстаныбызга тынчтык, бакубаттык жана өркүндөп өсүүнү каалайм!”.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу