20.12.2016, 13:05

92 өлкөнүн жарандары үчүн каттоону жеңилдетүү 26-декабрдан кийин күчүнө кирет – КР ТИМ

Бишкек, 20-декабрь /Кабар/. 92 өлкөнүн жарандары үчүн каттоону жеңилдетүү 26-декабрдан кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ТИМдин Консулдук кызматы департаментинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, директордун орун басары Роман Денисенко билдирди.

Анын айтымында, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кечээ 19- декабрда бул боюнча буйрукка кол койду.
Р.Денисенко 92 өлкөнүн ар бири үчүн алардын мыйзамдарына ылайык ар башка жобо ишке кирерин айтты.
“Мисалы, Ирандын жарандарына жеңилдетүү 8 күнгө, ал эми Жапониянын жарандарына жеңилдетүү 90 күнгө чейин кирет. Учурда Россия жана Казакстан менен келишимге келдик. Мурда РФнын жарандары КРде каттоосуз 90 күн, биздикилер Россияда 7 күн жүрчү. Казакстанда кыргызстандыктар 5 күн, алар бизде 30 күн каттоосуз жүрчү. Азыр бул меселеде макулдашууга жетиштик. Бирок ал эки өлкөнүн парламенттеринен ратификациядан өтүшү керек”-деди ал.

Ошондой эле, Роман Денисенко жеңилдетүү документи жөнөкөй экенин, кайсы бир өлкө анын жобосун өзгөртүүнү кааласа, аны тездик менен кароого мүмкүнчүлүк бар экендигин белгиледи.