Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
20/12 12:32
 

КР ТИМи 19-декабрда Россиянын Түркиядагы элчисинин зөөкүрдүк менен өлтүрүлүшүн чечкиндүү айыптайт

КР ТИМи 19-декабрда Россиянын Түркиядагы элчисинин зөөкүрдүк менен өлтүрүлүшүн чечкиндүү айыптайт

Бишкек, 20-декабрь /Кабар/. КР ТИМи 19-декабрда Анкара шаарында Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловдун зөөкүрдүк менен өлтүрүлүшүн чечкиндүү айыптайт жана бул кылмышты чет мамлекеттин расмий өкүлүнө карата террордук акт катары карайт. Бул тууралуу Россиянын Түркиядагы Элчиси Андрей Карловдун өлтүрүлүшүнө байланыштуу КР ТИМдин билдирүүсүндө айтылган.

“Бул окуя башка террордук акттар сыяктуу эле эл аралык терроризмге каршы күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирүүнүн зарылдыгын көрсөттү. Бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдар табылып, жазасын алышат деп ишенебиз. Андрей Геннадьевич Карловдун бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”,-деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу