Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
20/12 12:06
 

ӨКМнын куткаруучулары менен өрт өчүрүүчүлөр бир кызматка бириктирилет

Бишкек, 20-декабрь /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Өрткө каршы күрөшүү кызматы агенттиги биригет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР ӨКМга караштуу Өрткө каршы күрөшүү кызматы агенттигинин Өрттү алдын алуу башкармалыгынын башчысы Даниял Таиров билдирди.

Анын айтымында, оптималдаштыруу Өкмөттүн 8-декабрдагы буйругуна ылайык жүргүзүлүп, КР ӨКМга караштуу Өрткө каршы күрөшүү кызматы агенттиги түздөн түз Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бириктирилет.
“Азыр бизде 2 борбордук аппарат бар. Оптималдаштыруунун максаты – райондук бөлүмдөрдү күчтөндүрүү, ӨКМнын материалдык-техникалык базасын чыңдоо болуп саналат. Мында негизинен өзгөртүүлөр өрткө каршы күрөшүү кызматында жүрөт. Кыргызстанда 27 өрткө каршы күрөшүү кызматы бар. Оптималдаштыруудан кийин алардын саны 45ке көбөйөт. Өрткө каршы күрөшүү кызматынын, куткаручулардын жеке курамы кабинеттерде иштегендердин эсебинен көбөйөт,деп эсептейм”-деди ал.

Ошондой эле Д. Таиров оптималдаштыруу менен бирин-бири кайталаган кызматтар жоюуларын белгиледи. Ошону менен бирге маалымат жыйынынын катышуучулары оптималдаштыруу кызматкерлердин эмгек акысына таасир тийгизбей тургандыгын айтышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу