Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
20/12 10:38
 

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Түркиядагы элчисинин курман болгондугуна байланыштуу көӊүл айтты

Бишкек, 20-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Андрей Карловдун куралдуу кол салуудан улам курман болгондугуна байланыштуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге көӊүл айтты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Россия Федерациясынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Андрей Карловдун кыянаттык жана зөөкүрдүк менен куралдуу кол салуудан улам курман болгондугу тууралу кабарды кабыргам кайышуу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасы мамлекеттин расмий өкүлүнө карата жасалган бул террордук актыны чечкиндүү айыптайт. Бул кылмыштын тез арада иликтенип жана күнөөкөрлөрдүн жазаланашы зарыл деп эсептейм.

Кыргызстан элинин жана жеке өз атыман А. Карловдун үй-бүлөсүнө жана бүт Россия элине көӊүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү жеткирүүӊүздү өтүнөм», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу