Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
20/12 10:00
 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барат

Бишкек, 20-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймагы боюнча сапарын улантат. Бүгүн, 20-декабрда, Өкмөт башчы бир күндүк жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Сапар алкагында Сооронбай Жээнбеков Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы айыл чарба жана билим берүү тармагындагы долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышат.

Тоң районунда Сооронбай Жээнбеков Кара-Шара айылындагы спорттук залдын ачылыш салтанатына катышып, Кара-Коо айылындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышмакчы. Буга катар Премьер-министр Ак-Өлөң айылындагы балык чарбасына барып, айыл чарба техникасы түрүндө инвестиция тартып жаткан долбоорлор менен таанышат.

Жети-Өгүз районунда Өкмөт башчы Жон-Булак айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышып, Кызыл-Суу айылындагы орто мектептин имаратынын курулушу менен таанышат. Ошондой эле Барскоон айылындагы айыл чарбаны өнүктүрүүдө дыйкандарга колдоо көрсөтүүчү «Барс-s» мунициаппалдык ишканасына жана сүт продукциясын өндүрүүчү «Ак-Жалга» ЖАКка баруусу пландаштырылган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу