Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
19/12 18:31
 

Кыргызстанда калктын малынын продуктуулугу жакшыртылмакчы

Бишкек, 19-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2015-жылдын 29-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн, Ислам өнүктүрүү банкынын, Жасалма уруктандыруу боюнча Сингосари улуттук борборунун жана Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул туралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 16-ноябрында кабыл алынган.

Меморандумдун максаты – жергиликтүү калктын малынын продуктуулугун жакшыртуу, эл аралык стандарттарга ылайык малды жасалма жол менен уруктандыруу ишиндеги тажрыйбаларды жана билимдерди өздөштүрүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу