Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
19/12 18:08
 

Мамэкотехинспекция поротехникалык каражаттарды стихиялуу сатууга жол бербөө максатында иш-чараларды жүргүзүүдө

Бишкек, 19-декабрь /Кабар/. Учурда Жаңы Жылды майрамдоого карата Мамэкотехинспекция тарабынан өрт коопсуздугун сактоо максатында поротехникалык буюмдарды өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген жерлерде сатууга жол бербөө максатында иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдирди.

“Ички иштер жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте республиканын базарларында рейддер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, Рынок ассоциацияларына, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнө поротехникаларды уруксат берүүчү документтери жок жана белгиленбеген жерлерде сатууга жол бербөө өтүнүчү менен каттар жөнөтүлдү”-деп айтылат билдирүүдө.

Ыйгарым укуктарына ылайык Мамэкотехинспекция өрт коопсуздугуна, ошондой эле республикада пиротехникалык каражаттардын коопсуз сатылышына көзөмөл жүргүзмөкчү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу