Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
19/12 16:38
 

Москвадагы өрттө адам өмүрүн сактоого катышкан кыргыз жана россия жарандары кыргыз Өкмөтү тарабынан сыйланышат

Москвадагы өрттө адам өмүрүн сактоого катышкан кыргыз жана россия жарандары кыргыз Өкмөтү тарабынан сыйланышат

Бишкек, 19-ноябрь /Кабар/. Россия Федерациясынын Москва шаарындагы типографиянын имаратындагы өрттөн Кыргыз Республикасынын жарандарын сактоодо көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен бир катар жарандар сыйланат. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Белгилесек, мурдараак Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өкмөткө 2016-жылдын 27-августунда Москва шаарындагы өрт учурунда адамдарды сактап калууга катышкан жарандарды сыйлоо тууралуу маселени иштеп чыгууну тапшырган.

Аталган тапшырманы аткаруу иретинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Ички иштер министрлиги тарабынан өрт учурунда адам өмүрүн сактоодо көмөк көрсөткөндөрдүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган сүрөттөрү боюнча он жарандын өздүк маалыматтары такталган.

Сунушталган маалыматтардын негизинде Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкү жарандар сыйланышат:

Абдыгапар уулу Азизбек;

Алимбек уулу Маматсабыр;

Ахматов Азамат Тавалдиевич;

Борисов Александр Сергеевич;

Заиров Махамат Акимович;

Лугвин Юрий Артурович;

Марип уулу Таалайбек;

Урматбек уулу Жоомарт;

Хван Александр Вячеславович;

Шакиров Аширбек Эсеналиевич;

Премьер-министрдин буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасын сыйлануучуларга тапшырууну уюштуруу тапшырмасы берилди.

Сүрөт интернеттен алынды

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу