Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
19/12 16:27
 

Өлкө аймагындагы дин кызматкерлеринин иш аракеттери бааланып, райондук хатибияттарга компьютерлер тапшырылды

Өлкө аймагындагы дин кызматкерлеринин иш аракеттери бааланып, райондук хатибияттарга компьютерлер тапшырылды

Бишкек, 19-декабрь /Кабар/. Бишкек шаарындагы Достук мейманканасында Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Түндүк аймактык казыяттар арасында жыл жыйынтыгын чыгарып, райондук хатибияттардын материалдык-техникалык базасын бекемдөө максатында копьютерлерди жана принтерлерди тапшырды. Иш-чаранын алкагында облус казыларынын отчеттору угулуп, аткарылган иштерге саресеп салышты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргызстан Мусулмандарынын азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев, азирети муфтийдин орун басарлары Жоробай ажы Шергазыев, Акимжан ажы Эргешов, КМДБнын эмгек жамааты жана аймактагы дин кызматкерлери катышты.

Отчеттук жыйындын алкагында эл арасында түшүндүрүү, агартуу жана терс диний агымдардын алдын алуу иштерин коомчулук, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзгөн эмгектери үчүн Ысык-Көл, Нарын, Талас казыяттары ардак грамота менен сыйланышса, жаштарды бийик адеп ахлакка тарбиялоодо кошкон салымдары үчүн аксакалдарга да алкыш баракчалары ыйгарылды.

Жыйынтыктап айтканда КМДБ быйылкы жылы 61 райондук хатибияттын материалдык-техникалык базаларын бекемдеп, облус казыларына муктаждыктарын жараша түстүү принтерлерди, ноутбуктарды жана копьютерлерди тапшырды. Иш-чаранын жүрүшүндө Азирети муфтий өлкө аймагындагы дин кызматкерлеринин аткарган иштерине жакшы деген баасын берип, 2017-жылы мындан дагы аракеттенүүгө чакырды.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2014-жылдан тарта олуттуу өзгөрүүнүн жолуна түшүп, бир топ реформалуу иштерди жасады. 3 жыл аралыгында өлкөдөгү билим берүү системасы жакшырып, кайрымдуулук иштери күчөтүлдү. Учурда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы диний сабырсыздыкты, радикализмди болтурбоо жана Ханафий мазхабынын алкагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маалымдуулуктун деңгээлин жогорулаткан. Муфтиятын түзүмү бүгүнкү күндө отчет берүү системасына өтүп, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу