Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
19/12 16:18
 

“КРнын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок жактарды каттоо маселеси жөнүндө» Өкмөттүн токтомуна кол коюлду

Бишкек, 19-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок жактарды каттоо маселеси жөнүндөгү» Өкмөттүн токтомуна кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Аталган токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына келген чет өлкөлүк жарандардын келген жери боюнча катталуудан бошотуу мөөнөтүн көрсөтүү менен чет мамлекеттердин тизмеси бекитилет. Ал Өкмөттүн чечимдерин “Тышкы миграция жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына дал келтирүү жана чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок жактардын өлкө аймагында жүрүүсүн иретке келтирүү максатында иштелип чыккан.

Аталган токтом аркылуу Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды турган жери боюнча каттоодон бошотуунун мөөнөтү көрсөтүлгөн чет мамлекеттердин тизмеси жана Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартиби бекитилген.

Документке ылайык, 92 чет мамлекеттин жарандары беш күндүк каттоо мөөнөтүнөн бошотулат.

Аталган токтом менен кененирээк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн gov.kg расмий сайтынын «Токтомдор жана буйруктар» бөлүмүнөн тааныша аласыздар.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу