Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
19/12 15:50
 

Мыйзам боюнча Санэпидемстанция ишканаларды күтүүсүз кыдырып, мыйзам бузуу фактыларын аныктай албайт - ведомствонун башкы врачы

Бишкек, 19-ноябрь /Кабар/. Санэпидемстанция КТРКнын журналисти Элнура Молдокадырованын аталган ведомство өлгөн жаныбардын этин сатуу тууралуу сюжетти эфирге чыгарбоону суранды деген билдирүүсүн жокко чыгарды.

Эскерте кетсек, бүгүн КТРКнын журналисти Эльнура Молдокадырова Бишкектеги маалымат жыйынынында Санэпидемстанция программаны эфирге чыгартпоо үчүн аларга жаңы жылдык белектерди сунуштаган.

Ал арада “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык Мамлекеттик санэпидемстанциянын башкы врачы Артур Буюклянов билдиргендей, алардын ведомствосу чийки эттерге текшерүү жүргүзүшпөйт.

“Ошондуктан биздин кызыкчылыгыбыз жок. Биздин ведомство даяр азыктарды гана көзөмөлдөйт, башкача айтканда колбаса даярдала турган азыктарды эмес даярдалган колбасаларды текшеребиз. Биз бир жылда бир жолу текшерүү жүргүзөбүз. Ал үчүн текшерип бара турганыбызды 10 күн алдын ишканага билдиребиз. Бүгүнкү күндө көзөмөл кылууну пландап, азыр Экономика министрлигинен ырастаманы күтүүдөбүз”,-деди башкы врач.

Мындан тышкары, А.Буюклянов сапаттуу текшерүү менен камсыздоо үчүн күтүүсүз текшерүү киргизүүнүн зарылдыгын белгиледи.

“Бирок, мыйзам боюнча текшерүү тууралуу 10 күн алдын маалымат берилиши керек. Биз келгенче ал жактагы бардык кемчиликтерди жоюуга жетишишет. Текшерүү тууралуу мыйзамды өзгөртүп, ишкаларды алдын ала маалымдабай туруп текшерүү жүргүзө турган болсо жакшы болмок. Ошондо мыйзам бузууларды табууга мүмкүн болмок”,-деди А.Буюклянов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу