Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
19/12 15:25
 

Кыргызстандык “Тумар” бий тобун АКШда өтө турган America”s Got Talent таланттардын сынагына чакырышты

Кыргызстандык “Тумар” бий тобун АКШда өтө турган America”s Got Talent таланттардын сынагына чакырышты

Бишкек, 19-декабрь /Кабар/. Кыргызстандык “Тумар” бий тобун АКШда өтө турган America”s Got Talent таланттардын сынагына чакырышты. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында топтун жетекчиси Эрмек Кадыров билдирди.

Анын айтымында, сынак 27-январда Нью-Йоркто өтөт. Ушундан улам ал Кыргызстанды Америкада татыктуу көрсөтүш үчүн КР жарандарынан каржылык жардам сурады.
“Учурда даярданып жатабыз. Биздин топто майып балдар бар. Алар коляска менен жүрүшөт. Башкасын айтпаганда да, чогулганыбыздын өзү эле түйшүктүү. Андыктан биз жарандардан спонсордук жардам күтөбүз”,-деди ал.

Ошондой эле, Э.Кадыров 28-ноябрда Братиславада өткөн «Česko Slovensko má talent» аттуу сынакта 3-орунду ээлешкендигин белгиледи.

“Бардык калыстар бизге туруп алып кол чабышты. Чындыгында биз биринчиликке үмүттөнгөнбүз. Бирок, бизге бул чоң жеңиш экендигин, башка өлкөлөрдөн алтургай 5 жыл боюу финалга жетпей келе жатышканын айтышты”,-деди ал.

Топтун катышуучусу Эрдик Таалайбек уулу финал убагында оор болгонун белгиледи.

“Бизге күнү-түнү жаңы бий элементтери менен машыгууга туура келди. Эмгегибиз теке кеткен жок”,-деп айтты ал.
Топтун дагы бир мүчөсү Тимур Сыдыков алгач финал үчүн социалдык темада номер даярдашканын белгиледи.

“Бирок режиссер башка теманы сунуш кылды. Тынбай 2 күндө жаңы номер даярдадык. Ошого карабай биздин номер сонун болуп, 3-орунду ээледик”,-деди ал.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу