Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
19/12 14:34
 

Маданият министрлиги балдар адабияты жаатында сынак жарыялайт

Бишкек, 19-декабрь /Кабар/. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кыргыз тилин мындан ары өнүктүрүү, мектепке чейинки курактан баштап аны үйрөнүү үчүн шарттарды түзүү максатында балдар адабияты жаатында ачык сынак жарыялайт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, кыргыз тилинде балдар адабияты жаатында сынак (мектепке чейинки, башталгыч, орто жана өспүрүм курактагы балдар үчүн чыгармалар) төмөнкү наамдар боюнча жүргүзүлөт:
- Балдар үчүн эң мыкты поэтикалык чыгарма;
- Балдар үчүн эң мыкты прозалык чыгарма;
- Кыргыз тилине балдар чыгармаларынан мыкты котормо.

Чыгарма 5 нускадан кем эмес, басмадан чыгарылган, сунуштама каты жана типографиялык шрифтик ордунун мөөрү менен көрсөтүлүшү керек.
Материалдар 2017-жылы 4-январдан 1-апрелге чейин саат 09:00 – 17:00 го чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу маалымат жана массалык коммуникация департаментинин 1-кабатында кабыл алынат. Байланыш телефондор: 66-03-32, 66-39-15.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу