Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
19/12 12:45
 

Анжияндагы кыргыз маданият борборунун активисти Өзбекстанда «Жылдын эң мыкты руханият ишкери» наамына татыктуу болду (фото)

 Ташкент, 19 декабрь /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Анжиян областындагы кыргыз маданият борборунун активисткасы, Анжиян Мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы бөлүмүн доценти Махбуба Темирова Өзбектанда «Жылдын эң мыкты руханият ишмери» деп табылды. Бул тууралуу бүгүн Республикалык Интернационал маданият борборунун басма сөз кызматы билдирди.

                                   

Тандоо Республикалык Руханият жана Агартуу, ошондой эле Республикалык Интернационал маданият борборлору тарабынан уюштурулган.

М. Темирова көп улуттуу Өзбекстан калкынын тарыхый-руханий мурастарын кайра калыбына келтирүүгө, аларды азыркы заман талаптары негизинде өркүндөтүүгө, ошондой эле элдер ортосундагы достукту чыңдоого кошкон зор салымы үчүн атайын диплом жана кымбат баалуу белектер менен сыйланды.

Доцент М. Темирова Анжиян Мамуниверситетинде кыргыз тили жана адабияты сабагын окутат, кыргыз-өзбек адабият достугу багытында илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт, областтык кыргыз маданият борборунда руханият алкагындагы иш-чараларга милдетүү.

Анжиян областынын кыргыз маданият борбору 1995-жылдан бери аракеттенип келет. Анжиян Мамлекеттик университетин кыргыз тили жана филологиясы багыты 2005-жылы ачылган. Анда жыл сайын 25 (10 мамлекеттик грант, 15 – контракт негизинде) студент билим алат. Учурда Өзбекстанда 70 жакын кыргыз жана кыргыз-өзбек орто мектептери бар.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу