Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
19/12 12:45
 

Кытай элчилиги мыйзамсыз тосмо куруп алгандыгы тууралуу маалыматты Ленин районунун акими текшерүүдө

Кытай элчилиги мыйзамсыз тосмо куруп алгандыгы тууралуу маалыматты Ленин районунун акими текшерүүдө

Бишкек, 19-декабрь /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Нурдин Тынаев КЭРнын дипөкүлчүлүгү Баеков көчөсүндө мыйзамсыз тосмо куруп алгандыгы туралуу маалыматты текшерүү үчүн Кытай элчилигине жөнөп кетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине башкалаанын басма сөз кызматынан билдирди.

Белгилей кетсек, 2016-жылдын августундагы Кытай элчилигиндеги теракттан кийин дипломаттар коопсуздукту бекемдөө үчүн кошумча дагы бир тосмо курушкандыгы тууралуу маалымат ЖМКларга чыккан. Шаардыктардын айтымында, КЭР элчилиги Баеков көчөсүндөгү биртаман жолдун бир тарабын мыйзамсыз ээлеп алышкан. Н.Тынаев окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн Кытай элчилигине жөнөп кетти.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу