Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
19/12 11:30
 

Жалал-Абад шаарынын мэри кызматтан кеткен жок, эмгек өргүүсүнө чыкты

Бишкек, 19-декабрь /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов кызматын которуп башка жакка кеткен жок, ал кезектеги эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Шаар мэриясынан билдиришкендей, шаар ичинде калаа башчысынын жергиликтүү шайлоолордон кийин башка жакка кызматка кеткендиги тууралуу каңшаар көбөйүп кеткен. “Бирок, мындай маалыматтар чындыкка коошпойт. Себеби, шаар мэри Салайдин Авазов 12-декабрдан тартып кезектеги мыйзамдуу эмгек өргүүсүнө чыкты жана эмгек өргүүдөн кийин кайрадан өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга киришет”,-деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө..

Эскерте кетсек, С.Авазов 2014-жылдын сентябрь айында Жалал-Абад шаарына мэр болуп шайланган. Ал иштеген эки жыл аралыгында шаарда инфраструктуралык өзгөрүүлөр күч алган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу