Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
19/12 09:58
 

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт

Бишкек, 19-декабрь /Кабар/. 2016-жылдын 19-декабрында көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөп:Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн-5…-10°,күндүз 0…-5°суук, тоо этектеринде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -2…-7° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суукка чейин болушу күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2016-жылдын 19-декабрынан 20-декабрына күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265 чакырымдары Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолундагы 65-90 чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-90 чакырымдары, Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр унаа жолунун 75-82 чакырымдары, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдары, Нарын-Казарман унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 чакырымдарындагы (Ийри – Суу участкасынын 42-44 чм), Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдары жана Барскон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Сары-Мойнок ашуусу жана Сөөк ашуусу) 60-68 чакырымдарында унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу