Коом

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
17/12 13:20
 

Алмазбек Атамбаевге жылытуу мезгили, калкты электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу маселелери боюнча маалымат берилди

Алмазбек Атамбаевге жылытуу мезгили, калкты электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу маселелери боюнча маалымат берилди

Бишкек, 17-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-декабрда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысына жылытуу мезгилинин өтүшү, калкты электр энергиясы жана жылытуу менен туруктуу камсыз кылуу үчүн өлкөнүн энергетикалык системасын бекемдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Дүйшөнбек Зилалиев ири тоо-кен ишканаларынын иши тууралу айтуу менен «Жерүй» кенинде кийинки жылга бекитилген график боюнча казуу комплексин курууга даярдык көрүү иштерине токтолду.

Мындан тышкары, Президент Алмазбек Атамбаев жана Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев жаратылыш байлыктарын натыйжалуу пайдалануу үчүн тоо-кен тармагында иштердин ачыктыгын мындан ары арттыруу, мамлекет тарабынан көзөмөлдү күчөтүү жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу маселелерин талкуулашты.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу