Коом

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
16/12 18:33
 

А.Бекматов: “Жергиликтүү кеңештин депутаттары үчүн төш белги сатып алууга тендер өткөрүлгөн, бирок жыйынтыгы белгисиз”

Бишкек, 16-декабрь /Кабар/. Жергиликтүү кеңештин депутаттары үчүн төш белги сатып алууга тендер өткөрүлгөн, бирок жыйынтыгы белгисиз. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, ушул максатта 4 млн сом бөлүнүп, тендерге 12 компания катышкан. Анын ичинен бардык талаптарга жооп берген 3 компания тандалып алынган. Андан кийин бир компания тандалган, ал төш белги жасоо менен алектенет. “Бул компаниянын атын атай албайм, анткени компания менен келишимге кол коюла элек”,-деди А.Бекматов.

Ал белгилегендей, мамлекеттик сатып алууну жүргүзүү үчүн белгилүү шарттар бар. Анда иш тажрыйбасы, техникалык мүмкүнчүлүгү толугу менен каралат. “Биз компаниялар көрсөткөн айрым төш белгилердин үлгүлөрүн көрдүк. Алардын кээ бирлери оюнчукка окшош. Төш белги кандай көрүнүшү керек болгон белгилүү талаптар бар. Ал латундан жасалган, КР желегинин негизги параметри сакталган ж.б. болуусу керек. Ошол талаптарды аткара ала турган компания гана төш белги жасоо менен алектенет”,-деди А.Бекматов.

БШКнын төрагасынын орун басары мамлекеттик сатып алуу жүргүзүүдө эч кандай мыйзам бузуу болбогонун белгиледи. Анын айтымында, бары болуп 8 миңден ашык төш белги жасалат.

Эскерте кетсек, ЖМКларга сынактык тандап алуу ири мыйзам бузуулар менен өткөрүлгөнү тууралуу маалыматтар тараган. Эң аз сумманы Подстречный Виталий жеке компаниясы сунуштаган, анын сунушу болгону 675 миң сомду түзгөн. Бирок, 3 млн 420 миң сом сумманы сунуштаган “Медальер” ЖЧКсы жеңген. Бул эң аз сумманы сунуштагандан 2 млн 745 миң сомго көп. Эң аз сумманы сунуштаган компаниядан “төш белгисинин үлгүсү техникалык талаптарга жооп бербейт” деген жүйөө менен баш тартышкан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу