Коом

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
16/12 18:02
 

ИИМде Төө-Ашуу туннелиндеги жол кырсыгы учурунда 6 адамдын өмүрүн сактап калган 2 студент сыйланды

Бишкек, 16-декабрь /Кабар/. Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Төө-Ашуу тоннелиндеги жол кырсыгы учурунда 6 адамдын өмүрүн сактап калган 2 студентке ведомстволук сыйлык тапшырды. Бул тууралуу ИИмдин басма сөз кызматы билдирди.

4-ноябрда Төө-Ашуудагы туннелде катталган жол кырсыгынан 4 автоунаа кагышып, 4 адам каза болгон окуяда кырсыкка учураган автоунаалардагы 6 адамдын өмүрүн сактап калган эки студент жигит Кыргыз Улуттук университетинин юридика факультетинин 4-курсунун студенти Элдияр Токтошев менен Кыргыз-Славян университетинин экономика факультетинин 4-курсунун студенти Манас Мамбеталиевдин жасаган эрдиктери ИИМ жетекчилиги тарабынан эске алынып олтурат. Бүгүн ал студенттер Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин буйругу менен “Кыргыз милициясына 90 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланышты.

Сыйлыктарды тапшырып жатып, Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков атуулдук милдеттерин жоопкерчиликтүү аткарышып, кыйын кырдаалда жабырланган адамдардын өмүрүн сактап калууда көрсөткөн эрдиктери үчүн жаш жигиттерге терең ыраазычылыгын билдирди.

“Мындай кырдаалда жабыркагандарга жардамга келүү эр жүрөк, кайратман адамдардын гана колунан келет. Силердин мындай атуулдук милдетти аткаруудагы жасаган каармандыгыңар ата-эненин жакшы тарбиясын алгандыгыңардын далили. Андыктан, силердин ата-энелериңерге да рахмат айтуу менен терең ыраазычылык билдирем”, -деди Сүйүн Өмүрзаков.

Ошондой эле жаштардын адам өмүрүнө коркунуч туулган шартта өз өмүрлөрүн тобокелге салып, жардамга келгендерин мекенчилдиктин, адамдык бийик сапаттын белгиси деп баалап, бул башкаларга чоң үлгү болот деген оюн билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-ноябрь күнү Төө-Ашуу туннелинде жол кырсыгы катталып, жүк ташуучу унаа катуу ылдамдыкта келип “БМВ үлгүсүндөгү унааны сүзүп, бир топ аралыкка сүйрөп барып, дагы эки жеңил автоунааны сүзүп, бирин кысып калган. “БМВдагы” 4 жүргүнчү ошол жерден мерт болушкан. Ал эми чоң унаанын алдында кысылып калган “Хонда” үлгүсүндөгү жеңил унаадагы жүргүнчүлөр катуу жабыркап, жардам сурап жандалбастап калышкан. Туннелде тыгын пайда болуп, ошол маалда башка унаада келе жаткан студенттер жардам сураган адамдарын кыйкырыгын угуп, чуркап жөнөшөт. “Хонданын” ичинде 6 адам буту-колдору сынып, кысылып чыга албай калышканын көрүп, эки жигит аларды алып чыгуунун аракетине киришкенде бир топ жүргүнчүлөрү азыр автоунаалар жарылат деген коркунуч менен качып кетишкен. Туннелдин ичиндеги түтүнгө, из газына ууланганына карабай, жигиттер унаанын отургучтарын омкоруп, адамдарды алып чыга башташканда гана айрым жарандар жардамга келе башташат. Жаракат алып, жаны кыйналып турса да аман калгандар эки жигитти кучактап алып ыраазычылыгын айтышып, алкашканын айтышат күбөлөр. Эки саатка жакын туннелдеги тыгынга карабай жабыркагандарды куткарган жигиттер өздөрү да ууланып, суук тийип калгандыктан дарыланып чыгышты.

Эки жигиттин мындай аракети, эрдиктери жаштарга үлгү экенин дагы бир жолу белгилей кетмекчибиз. Ал эми студенттер Элдияр Токтошев менен Манас Мамбеталиевдин жасаган эрдиктерине өз кезегинде жогору баа берип, сыйлык тапшырган ИИМдин жетекчилигине сыйлык ээлери да ыраазы болушканын белгилешет. Мындай кадам өз кезегинде жаш жигиттердин демине дем кошот деген ишеничтебиз.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу