Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/12 14:45
 

15-январдан тартып МКК жана Мамлекеттик чек ара кызматы чет элдиктерди электрондук каттоону ишке киргизет

Бишкек, 16-декабрь /Кабар/. 15-январдан баштап чет элдиктер Кыргызстанга кирүүдө Мамлекеттик каттоо кызматы менен байланышпай эле сайт аркылуу каттала башташат. Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, январдын орто ченинде Мамкаттоо кызматы Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте программаны ишке киргизет, чет элдиктер ошол программа боюнча электрондук вариантта катталышат.

“Атайын сайт болот, ал каттоодон кийин QR-коду менен чек берет. ИИмдин 10-бөлүмү үчүн программа иштелип чыгат, ал ошол чекти эсептейт. Андан кийин укук коргоо органдары чет элдик жаран катталганына ынанышат, бул убакытты албайт. Башкача айтканда маселе техникалык деңгээлде чечилет. Чет элдиктерди каттоонун айланасында көп сөздөр болду, ошондуктан шайлоо менен катар биз программа иштеп чыгууга күч жумшадык. Жыл аягына чейин ал бүтүп калат, андан кийин тестирлөө жүргүзүп, болжол менен 15-январдан тартып аны ишке киргизебиз”,-деп планы менен бөлүштү МКК башчысы.

Ошондой эле, Т.Сарпашев келечекте бул программа УКМК жана ИИМ тарабынан иштелип жаткан SWM-программасынын бир бөлүгү болуп калышы мүмкүн деп билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу