Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/12 14:30
 

2017-жылы президенттик шайлоо биометрикалык паспорт боюнча өтөт – Тайырбек Сарпашев

 2017-жылы президенттик шайлоо биометрикалык паспорт боюнча өтөт – Тайырбек Сарпашев

Бишкек, 16-декабрь /Кабар/. Президенттик шайлоо биометрикалык паспорт менен өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев билдирди.
Анын айтымында, мындан аркы шайлоо процесстери жакшыртылат.

“Бул жолу жарандын жүзүн идентификациялоочу камераларды жайылтууга жетишпей калдык. 2017-жылдын 1-октябрына 3 млн биометрикалык паспорт берүүнү пландап жатабыз. 2,8 млн шайлоочунун 153 миң паспорту так маалыматка ээ эмес болуп чыкты. Бир жеринде жүзү көрсөтүлбөй калган, айрымдарынын аймагы көрсөтүлгөн эмес. Биометрикалык паспортттор жайылтылгандан кийин мындай көйгөйлөр болбойт”,-деди ал.
Ошондой эле, МККнын башчысы 153 миң так эмес паспорттун 80 миңи Бишкекте деп билдирди.

“Аймактарда жеңилирээк, анткени бир айылда бир эле тилке бар, Бишкекте мисалы 204 болду. Өткөн шайлоолордо зарыл тактоолорду жүргүзүүсү үчүн биз жергиликтүү бийлик макулдаштык”,-деди Т.Сарпашев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу