Коом

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
16/12 12:50
 

Кыргызстанда 11 миңден ашык чет өлкөлүе жаштар билим алышууда – Билим берүү министрлиги

Бишкек, 16-декабрь /Кабар/. Кыргызстанда 11 миңден ашык чет өлкөлүе жаштар билим алышууда. Бул тууралуу КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында айтылганын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында Кыргызстандын билим берүү тармагынын азыркы абалы, жакшыртуу чаралары, алган багыты боюнча КР Өкмөтүнүн маалыматы угулуп жатат. Жыйынга вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова баштаган мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда. Жыйын жүрүшүндө Кыргызстандын билим берүүнүн Болон усулуна кошулуусунун жыйынтыктары, окуу жайлардагы билим берүү сапаты менен деңгээли, чет өлкөлүк студенттерди окутуу, билим берүү мекемелерин аккредиттөө, «педагог» адистиги боюнча окуган студенттердин стипендияларын жогорулатуу, коррупцияга каршы күрөшүү, контракттык окутуунун баасын жөнгө салуу сындуу бар катар талылуу маселелер талкуулана турганы белгилүү болду.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурмамат Эсенгуловдун айтымында, чет өлкөлүк студенттер билим алуу үчүн Кыргызстанга эки себептен улам көп келишет: биринчилен, окуу баасы кыйла төмөн; экинчиден, алардын жашоосуна ыӊгайлуу шарттар түзүлгөн. Ушу тапта бизде 11 миӊден ашуун чет өлкөлүк жаштар билим алууда. Ал эми кыргызстандык жаштардын эл аралык жогорку окуу жайларына эч тоскоолдуксуз эле өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.

Мындай пикирге макул болбогон депутат Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, эл аралык окуу жайларга өтүү үчүн өтө көп тоскоолдуктардан өтүүгө туура келет, ошондуктан кыргыз жаштарынын анда билим алуусу кыйын. «Сиз бизге жомок айтпаӊыз. Билим берүү тутуму жедеп эскирип бүткөнүн жакшы билебиз. Эмне, биздин бүтүрүүчүлөр чет өлкөлөрдө өз кесиби боюнча жумушка орношо алабы? Жок, кароолчу же ашпозчу эле болбосо, орношо албайт! Жаӊылануу керек», - деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу