Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/12 11:47
 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ӨКМнин ишин оптимизациялоо жөнүндө токтомго кол койду

Бишкек, 16-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (КР ӨКМ) ишин оптимизациялоо жөнүндө токтомго кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Аталган чечим КР ӨКМ борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомство алдындагы подразделениелерди кайрадан түзүү жолу аркылуу КР ӨКМ камсыздоого чыгымдарды жана кайталануучу функцияларды жоюу максатында кабыл алынган.

Кайрадан түзүү КР ӨКМ караштуу Мамлекеттик өрткө каршы кызмат агенттигинин борбордук аппаратын КР ӨКМ борбордук аппаратына бириктирүүнү, ошондой эле Бишкек жана Ош шаардык, облустук башкармалыктардын бириктирилишин карайт. Мында бошогон штаттык бирдиктер КР ӨКМ райондук бөлүмдөрүн күчтөндүрүүгө багытталат.

Мындан тышкары, бири-бирин кайталаган административдик кызматтардын кыскарышына байланыштуу, болжолдуу эсептөөлөр боюнча, аларды кармоого кеткен чыгымдар, кызматтык бөлмөлөр, командировкалык чыгымдар, кызматтык жана транспорттук каражаттар үнөмдөлөт.
Буга байланыштуу үнөмдөлгөн финансылык каражаттар Кыргыз Республкиасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттөн сактоочу райондук бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталат.

Белгилей кетсек, аталган токтомду кабыл алууда Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тутумун натыйжалуу башкарууга, мындай кырдаалдарга эффективдүү таасир этүүгө жана тармактын мындан ары өнүгүшүнө шарт түзүлөт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу