Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/12 10:46
 

Алмазбек Атамбаев Нурсултан Назарбаевди Казакстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгы менен куттуктады

Бишкек, 16-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевди өлкө көз карандысыздыгынын 25 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Сизди жана дос Казакстан элин мамлекеттик майрам - өлкө көз карандысыздыгынын 25 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм.

Көз карандысыздык жылдары Сиздин жетекчилигиӊиз алдында Казакстан мамлекеттик курулушта, социалдык-экономикалык өнүгүүдө жана реформаларды жүргүзүүдө көзгө көрүнөрлүк жыйынтыктарга жетишип, интеграциялык процесстерди жылдыруу, глобалдык жана региондук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн чоӊ күч-аракеттерди жумшаган эл аралык карым-катнаштардын кадыр-барктуу катышуучусу катары имиджге ээ болду», - деп белгиленет телеграммада.

Мамлекет башчысы кыргыз-казак өз ара пайдалуу жана ар тараптуу кызматташтыгы эки өлкө менен эки элдин жакшылыктары үчүн мындан ары да бир калыпта өнүгөрүнө ишенет.

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаевге чың ден соолук, бакыбаттык, мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык менен гүлдөп өсүүнү каалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу