Коом

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
16/12 10:20
 

Сооронбай Жээнбеков Абдулла Ариповду Өзбекстандын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады

Бишкек, 16-декабрь /Кабар/. КыргызРеспубликасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Абдулла Ариповду Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүн жетектөө боюнча сизге көрсөтүлгөн ишеним Сиздин эмгегиңизге жана бай тажрыйбаңызга берилген баа катары саналаарына ишенем. Сиздин демилгелериңиз жана алдыга койгон максатарыңыз келечекте Өзбекстан Республикасынын элинин бакубаттулугун жогорулатууга жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салымын кошооруна ынанам. Тарыхый жактан калыптанып калган кыргыз-өзбек мамилелерин эске алуу менен эки элдин өнүгүп-өсүүсүнө багытталган өнөктүштүктү кеңейтүү үчүн ишенимдүү негиз болуучу жетишилген макулдашууларды жана алдыга коюлган пландарды ийгиликтүү ишке ашыруу максатында биргелешкен жемиштүү кызматташууга даяр экендигимди билдирем», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу