Коом

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
16/12 09:31
 

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күттүлөт

Бишкек, 16-декабрь /Кабар/. 2016-жылдын 17-декабрынан 19-декабрына чейин көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -2…-7° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суукка чейин болушу күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу