Коом

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
15/12 17:43
 

Балдар интернат-үйүнүн тарбиялануучулары өлкөнүн башкы балатысын кооздоого жардам беришти

 Балдар интернат-үйүнүн тарбиялануучулары өлкөнүн башкы балатысын кооздоого жардам беришти

Бишкек, 15-декабрь /Кабар/. Бүгүн борбордук Ала-Тоо аянтында Чүй облусунун Ак-Суу айылынын психоневрологиялык балдар интернат-үйүнүн тарбиялануучулары Кыргызстандын 30 метрлик башкы балатысын кооздоого жардам беришти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Балдар абдан ырахаттануу менен оюнчуктарды илишип, “Тазалык” жана “Бишкексвет” муниципалдык ишканаларынын кызматкерлерине жардам беришти, алар балдарды өтө бийик эмес жогору көтөрүштү.

Эскерте кетсек, 19-декабрда саат 19:00до башкы балаты салтанаттуу түрдө жандырылат. “Ретро FM” радиостанциясы менен биргеликте майрамдык концерт тартууланат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу