Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
15/12 14:49
 

Бажы кызматынын жаңы дайындалган кызматкерлери ант беришти

 Бажы кызматынын жаңы дайындалган кызматкерлери ант беришти

Бишкек, 15-декабрь /Кабар/. 2016-жылы 15-16-декабрда КРнын Мамлекеттик бажы кызматына биринчи жолу кызматка алынган жаңы кызматкерлери ант беришет. Бул тууралуу КР Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-декабрда 91 кызматкер ант берди, жалпы республика боюнча 258 кызматкер ант берет.

“Кызматка дайындалганга жана ант бергенге чейин кызматкерлердин ар бири сынактык тандоонун бир нече этабынан, атап айтканда аскер-врачтык комиссиядан, дене тарбия боюнча нормативдерди тапшыруу, компьютердик тестирлөө жана меаектешүүдөн өтүшүп, андан кийин квалификациялык экзамен тапшырышты”,-деп айтылат билдирүүдө.

Төраганын кеңешчиси Канат Жамакеев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулаймановдун атынан кызматкерлерди куттуктады.

Төрага өзүнүн жеке курамга кайрылуусунда КРнын бажы кызматынын алдында өлкөнүн экономиалык кызыкчылыгын коргоо, республикалык бюджеттин киреше бөлүгү боюнча планды аткаруу жана бажы укук бузуулары менен күрөшүү сыяктуу маанилүү милдеттер турганын, ошондой эле келечекте жаңы дайындалган кызматкерлерге чоң үмүттөр артылганын белгилеген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу