Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
15/12 14:31
 

Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү 61-мектептин 2-Г классынын ата-энелери менен жолукту

 Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү 61-мектептин 2-Г классынын ата-энелери менен жолукту

Бишкек, 15-декабрь /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинде №61 мектептин 2-Г классынын окуучуларынын ата-энелери менен жолугушуу болду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы С.Мейманов жана №61 мектептин директору Ю.Низовский катышты.

Ата-энелер чыр-чатактуу абалды жөнгө салуу боюнча комиссиянын сунуштары менен таанышышты. Муну менен катар мектеп муниципалдык болгондуктан чечимди шаардык билим берүү башкармалыгы кабыл ала турганы белгиленди.

Ата-энелерди ведомство биринчи кезекте билим берүүдө ар бир баланын укугун коргоого аракет кыла турганына ишендирди.
Эскерте кетсек, мурда депутат Тазабек Икрамов парламенттин жыйынында борбор калаадагы №61 мектептин завучу ата-энеси 25 миң сомго кир жуугуч машина алып бере албаганы үчүн 2-класстын окуучусун сабаганын билдирген.

Депутаттын билдирүүсүнө №61 мектептин директору мындан мурда Т.Икрамов анын баласын аталган мектепке кабыл алуу өтүнүчү менен кайрылган, бирок анын өтүнүчү орундалбагандан кийин өч алууга аракет кыла баштады деп жооп берди. Депутат Т.Икрамов аталган фактыны жокко чыгарып, жабыркаган окуучунун ата-энесинин кайрылуусун гана жеткиргенин белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу