Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
15/12 14:12
 

Жакында казакстандыктар Кыргызстандын аймагында каттоосуз 30 күн жүрө алышат – Алмаз Асанбаев

Бишкек, 15-декабрь /Кабар/. Жакын арада казакстандыктарга Кыргызстандын аймагында каттоосуз 30 күн жүрө ала турган мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Алмаз Асанбаев билдирди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште депутаттар коңшу өлкөнүн жарандары КРда 5 күн жүргөндөн кийин каттоого турууга аргасыз болуп жатканына тынчсызданып жатышат.

А.Асанбаев белгилегендей, Кыргызстан менен Казакстандын жарандары эки өлкөнүн аймагында каттоосуз 30 күнгө чейин жүрө ала тургандыгы тууралуу эки тараптуу келишимге кол коюлган.

“Документ жарандардын бардык категориясына тиешелүү. Азыркы учурда бул келишим Өкмөттүн кароосуна жөнөтүлгөн, андан кийин министрлер кабинети токтом чыгарат, ошону менен документ күчүнө кирет. Ошондой эле, Өкмөт бул маселени жарандары Кыргызстандын аймагында каттоосуз жүрө алган 90 өлкө тууралуу документтин алкагында дагы караса болот. Кандай болгон күндө да жакын арада казакстандыктар үчүн КРнын аймагында каттоосуз 30 күнгө чейин жүрө алган мүмкүнчүлүк болот”,-деп түшүндүрдү ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу