Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
15/12 13:09
 

Бишкекте "Жаңы моделдеги китепкана" долбоорунун ачылышы болот

Бишкек, 15-декабрь /Кабар/. 2016- жылдын 16-декабрында саат 10.00до Жукеев-Пудовкин көчөсү №1 дарегинде жайгашкан С.Орозбаков атындагы №13 китепканасында «Жаңы моделдеги китепкана» долбоорунун ачылышы өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Долбоор Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын колдоосунда «Шаардык демилге» коомдук фонду тарабынан көрсөтүлөт.

Иш-чаранын катышуучулары үчүн «Доор» ансамблисинин, Б.Бейшеналиева атындагы көркөм институтунун студенттеринин, №10 музыкалык мектебинин окуучуларынын аткаруусунда концерттик программа тартууланат.

Аталган иш-чара кыргыз адабиятынын чыгармаларын сактоо, өнүктүрүү, жаштар арасында китеп окууга кызыгууну жаратуу, чыгармачылык жөнүндө маалыматтарды жайылтуу максатында өткөрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык каалоочуларды, шаар тургундарын жана шаар конокторун иш-чарага чакырат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу