Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
15/12 12:45
 

«Шаарды өнүктүрүү долбоорун» каржылоо жөнүндө ЭӨА менен макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлду

Бишкек, 15-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2016-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Шаарды өнүктүрүү долбоорун» каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 10-ноябрында кабыл алынган.

Макулдашуунун максаты – муниципалдык кызматтарды жакшыртуу жана шаар инфраструктурасынын энергонатыйжалуулугун жана сейсмикалык туруктуулугун жогорулатуу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул долбоорго кирген төмөнкү шаарларды аныктады: Кербен, Сүлүктү, Балыкчы жана Токтогул.

Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн тартып күчүнө кирет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу