Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
15/12 12:29
 

Президент Алмазбек Атамбаев менен ЕЭКтин төрагасы ЕАЭБдин ишмердүүлүгүнүн азыркы абалын талкуушты

Президент Алмазбек Атамбаев менен ЕЭКтин төрагасы ЕАЭБдин ишмердүүлүгүнүн азыркы абалын талкуушты

Бишкек, 15-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-декабрда Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Евразиялык экономикалык комиссиянын азыркы ишмердигинин маселелери, бирикмеге мүчө өлкөлөрдүн өз ара экономикалык интеграциясын тереӊдетүүнүн актуалдуу маселелерин чечүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана келечекте биргелешкен иштердин багыттары талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев менен ЕЭК коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян интеграцияны тереӊдетүү боюнча, биринчи кезекте Евразиялык экономикалык биримдикке кирген айрым өлкөлөр ортосунда өз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды алууга байланышкан иш-чаралар комплексин жандантууну жактай тургандыктарын билдиришти.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу