Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
15/12 11:09
 

Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө “макул” жана “каршы” топтор үгүт иштерине 700 миң сомдон ашык каражат короткон

Бишкек, 15-декабрь /Кабар/. Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө “макул” жана “каршы” топтор үгүт иштерине 700 миң сомдон ашык каражат сарптаган. Бул тууралуу КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 11-декабрда Кыргызстанда өлкөнүн Башмыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өттү.
БШКнын маалыматына ылайык, бары болуп 8 топ түзүлгөн, анын ичинен “макул” – 5, “каршы” – 3.
“Макул” тобу үгүт иштерине 516 миң 520 сом, ал эми алардын каршылаштары 202 миң 150 сом коротушкан.

БШКнын маалыматы боюнча, шайлоочулардын жалпы саны 2 миң 851 миң адам, референдумга 1 млн 200 миң 438 адам, же жарандардын 42,09%Ы катышты. Анын ичинен Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө 950 миң 400 жана же 79,6% “макул” деп, 184 миң 816 адам же 15,6% “каршы” деп добуш беришкен.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу