15.12.2016, 09:39

ӨКМ: тоолуу райондордогу жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу дагы деле сакталууда

Бишкек, 15-декабрь /Кабар/. 2016-жылдын 15-декабрында жаап өткөн жана туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265-чакырымдары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолундагы 65-90-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-90-чакырымдары, Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр унаа жолунун 75-82-чакырымдары, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдары, Нарын-Казарман унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94-чакырымдарындагы (Ийри – Суу участкасынын 42-44 чм), Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдары жана Барскон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Сары-Мойнок ашуусу жана Сөөк ашуусу) 60-68-чакырымдарында унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2016-жылдын 12-декабрында КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.