Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
14/12 17:43
 

Ош шаарында жыйырма төрт Чернобылчыга эстелик медалдары тапшырылды

 Ош шаарында жыйырма төрт Чернобылчыга эстелик медалдары тапшырылды

Бишкек, 14-декабрь /Кабар/. Бүгүн, 14-декабрь Ош шаарында Чернобылдагы саркофагдын жабылышы боюнча эскерүү жолугушуусу болду. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, бөлүм башчылар,Чернобыль апаатынын катышуучулары, каза болгондордун үй-бүлөлөрү катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Вице-мэр Н.Кадырбаев Чернобыль XX кылымдын апааты болгондугун айтып, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин атынан окуяда каза болгондордун туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайтып келгендерге бекем ден соолук каалоо менен бирге, алар ар дайым мамлекеттин камкордугунда экендигин белгиледи.

“Мындан 30 жыл мурун Чернобылдагы атомдук жарылуунун кесепеттерин жоюуда чоң жумуш аткарылган. Совет элине Чернобыль АЭСинде 2- энергоблоктун үстү чүмбөттөлүп жабылды - деген маалымат берилген. Бирок канча адам курман болгонун, канча адам нур оорусунан майып болушканын эч ким билген эмес. Бул маалыматтарды ошол жерге барган сиздер дагы билген эмессиздер. Ошону менен бирге саркофагты даярдоо чон социалдык, экномикалык, өзгөчө саясий маселе болгон. Мына ушул жерде отурган биздин Ош шаардык мэриясы жыл сайын Чернобыль союзуна 350000 сом акча каражатып бөлүп берет бул албетте аз. Апааттын 30-жылдыгына каратаРоссия Федерациясынын Чернобылчыларынын атынан бизге эстелик медалдары келген ушуларды тапшырып коюуга уруксат этиңиздер, ден соолугуңуздар бекем болсун,”-деди Н.Кадыров.

Жыйындын жүрүшүндө каза болгон тогуз апаатын катышуучуларынын үй-бүлөсүнө, ошондой эле, 15 катышуучуга медаль тапшырылды.

Айта кетсек, жалпысынан Ош шаары боюнча 104 адам Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюууга катышып, бүгүнкү күндө алардын 38 катышуучусу калган. Алар мамлекет тарабынан камкордукка алынып, баардык женилдиктер каралган.

Белгилей кетсек, Украинадагы Чернобыль атом станциясында авария 1986-жылдын 26-апрелинде болгон. Бул жарылуунун кесепетинен реактивдүү зат аба менен постсоветтик кошуна үч өлкөнүн аймагын жана Европанын бир бөлүгүн булгаган. Ал жүз миңдеген адамдарды жабыркатып, миңдеген куткаруучулар дартка чалдыгып, майып болуп калышкан.

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу