14.12.2016, 17:03

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри менен АКШнын КРдагы элчиси мындан аркы эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты

Бишкек, 14-декабрь /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова менен АКШнын КРдеги Элчиси Шейла Гуолтни мындан аркы эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты, деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматынан.

Жолугушууда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин башчысы ведомствонун артыкчылыктуу багыттары - калктын аялуу катмарындагы адамдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, карыларга, майыптарга, оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө, балдарга жардам берүү, гендер маселеси ж.б. тууралуу айтып берди.
“Министрлик жакырчылык менен күрөшүүдө активдүү чараларды көрүүдө. Оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө, балдарга социалдык жардамдар көрсөтүлүүдө. Учурда майып баланы баккан адам иштеп жаткан адам катары карала турган мыйзам долбоору иштелүүдө”-деп белгиледи Т.Исакунова.

Өз кезегинде АКШнын КРдеги Элчиси Шейла Гуолтни 1993-жылы 29-майда кабыл алынган эл аралык бала багып алуу жаатында балдарды коргоо жана кызматташтык тууралуу Гаага Конвенциясынын нормаларын колдонуу боюнча Министрликке техникалык консультация көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирди.