Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
14/12 16:43
 

Жайыл районунун аймагында Бишкек – Ош унаа жолунун 133-чакырымында кар көчкү атайылап атып түшүрүлдү

Жайыл районунун аймагында Бишкек – Ош унаа жолунун 133-чакырымында кар көчкү атайылап атып түшүрүлдү

Бишкек, 14-декабрь /Кабар/. Бүгүн, 14-декабрда Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун аймагында Бишкек-Ош унаа жолунун 133-чакырымында кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, артрасчет 6 снаряд атты. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди..

Азыркы учурда Бишкек-Ош унаа жолунун 132-135-чакырымдарында кар көчкүлөр атайын атылып түшүрүлүүдө.

Коопсуздукту камсыздоо максатында К.Кольбаев атындагы туннель убактылуу жабылды.

Эскерте кетсек, Бишкек-Ош унаа жолунда коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максаттында, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобунун жетекчилиги менен Кыргыз Республикасынын Генералдык штабынын артиллериялык эсеп артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иштери 2016-жылдын 10-декабрынан жүргүзүлүп 2016-жылдын 14-декабрында аякталат.

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу