Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
14/12 16:04
 

Премьер-министрдин №1 Мамлекеттик резиденцияда жашоосу үчүн каттоого туруунун кереги жок – Тайырбек Сарпашев

Бишкек, 14-декабрь /Кабар/. Премьер-министрдин №1 Мамлекеттик резиденцияда жашоосу үчүн каттоонун кереги жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев билдирди.

Эскерте кетсек, “Интер Линкс” ЖЧКнын башчысы Таалайбек Жумадылов премьер-министр Сооронбай Жээнбековду административдик мыйзам бузууга айыптооган.

Анын айтымында, Өкмөт башчы Административдик жоопкерчилик тууралуу Кодекстин “Каттоосуз жашоо” тууралуу 384-беренени бузгандыгы үчүн айып төлөөсү керек.

Т.Сарпашевдин айтымында, Сооронбай Жээнбеков Ошко катталган жана шаардык кеңешке шайлоодо добуш берди.

“Ал жакта шайлоо мурда өткөн. Өкмөт башчы Бишкекке бир аз мурдарак эле көчүп келди. Референдумга форма 2 менен добуш берди. Мамлекеттик резиденция – 1 де жашоо үчүн каттоого туруу зарыл эмес, анткени ал жакта чиновниктер кызматта турган учурда эле убактылуу жашашат. Президент жана спикер Бишкектеги каттоосу боюнча добуш беришкенин айта алам”,-деп түшүндүрдү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу