Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
14/12 15:57
 

Опера, балет театрында Жаңы жылга карата “Жаңы жыл алдындагы керемет” аттуу жаңы жылдык жомок болот

Опера, балет театрында Жаңы жылга карата “Жаңы жыл алдындагы керемет” аттуу жаңы жылдык жомок болот

Бишкек, 14-декабрь /Кабар/. Бүгүн А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында “Жаңы жыл алдындагы керемет” аттуу жаңы жылдык жомоктун репетициясы болду.

Театрдын башкы директору Болотбек Осмоновдун айтымында, сюжет эксклюзивдүү жана өз алдынча иштелип чыккан.
“Бул биздин жомок, сюжетти өзүбүз иштеп чыктык, актердук курам да – баары биздин ырчылар. Сценага фонограммасыз, жандуу үн менен чыгышат”-деди ал.
Жомок быйыл 18-декабрда көрсөтүлөт.

“Жаңы жылдын кийин 4-9-январда балдардын каникулуна карата спектаклдер көрсөтүлөт. Алар - «Доктор Айболит», «Мышыктын үйү», «Үч торопой» жана «Жыңы жыл алдындагы керемет», - деп кошумчалады директор.

 

1 из 8

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу