Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
14/12 15:26
 

КР УИАнын Илимий изилдөө институттарынын кызматкерлери академиядагы жүргүзүлүп жаткан реорганизация менен макул эмес

Бишкек, 14-декабрь /Кабар/. КР Улуттук илимдер академиясынын Илимий изилдөө институттарынын кызматкерлери академиядагы жүргүзүлүп жаткан реорганизация менен макул эмес. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КР УИАнын Илимий изилдөө институттарынын кызматкерлери билдирди.

Алар реформалоо убагында УИАнын институттары туура эмес бириктирилип калганын айтышып, КР Президенти А.Атамбаевге кайрылышкан. Алардын пикиринде, 25 институтту бириктиришип, 16 институт кылышканы туура эмес, анткени алардын багыттары ар башка.

Профкомдун төрайымы Анара Алымкулованын айтымында, декабрдын башында УИАнын илимий изилдөө институттарын реорганизациялоо тууралуу буйрук чыккан.

“Реформа жүргүзүүдө баарыдан мурда аны акыйкат, ачык жана бардык илимий кызматкерлер үчүн жеткиликтүү жүргүзүү керек. Алар академиянын кызматкерлери менен макулдашылган эмес, бир-бирине коошпогон структараларды күчтөп кошушкан”,-деп айтты. А.Алымкулова.

Биология-жер кыртышы институтунун директорунун милдетин аткаруучу Бекмамат Жээнбаев УИАдагы реформаларга каршы эместиктерин белгиледи.

“Биз реформага каршы эмеспиз. Биз маселени чечүү ыкмаларына каршыбыз. Биз академиянын президиумунун ар кайсы институттарды бириктиргенине нааразыбыз. Биз жер кыртышын изилдеп жатып, адамдын ички органдарын кантип изилдейбиз? Жок дегенде бизди Ботаникалык бак же Токой институту менен бириктиришсе болмок”,-деди ал.

Ал эми илимий катчы Светлана Приходько бириктирүү маселесин чечип жатышканда алардын институту айлана-чөйрө маселесин жана кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдү изилдеген жападан жалгыз институт экенин эске алышпаган белгиледи.

Профессор Алмаз Шаназаровдун айтымында, 3 түрдүү институттарды бириктирүү илимий изилдөөнүн натыйжалуулугн көтөрбөйт.
“Өздөрүнчө спецификага ээ болгон биология, биотехнология жана тоолуу физиология институттарын бириктирип коюшту. Президиум эмне үчүн мындай чечимге келгенин түшүнбөйм. Алар чечимди кабыл алардан мурда институттардын директорлору, кызматкерлери менен кеңешиши керек болчу. Алар административдик басым менен институттарды механикалык түрдө бириктирип салышты. Бул институттарды жоготууга алып келет”,-деп нааразыланды ал.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу