Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
14/12 14:38
 

Бишкекте Абдыкадыр Орозбековго арналган илимий-практикалык жыйын өтөт

Бишкек, 14-декабрь /Кабар/. Эртең, 15-декабрда Улуттук илимдер академиясында Кыргыз АССРинин 90 жылдыгына, Кыргыз ССРинин 80 жылдыгына арналган “Абдыкадыр Орозбеков: Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөрдүн бири” илимий-практикалык жыйын өтөт. Бул тууралуу КР УИАнын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарада Советтик бийлик жана Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусунда элитанын ролу, тарых жана бүгүнкү күн, белгилүү инсан Абдыкадыр Орозбековдун саясий лидер катары калыптанышы, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы, Мамлекеттик тил саясаты, Кыргызстандагы мамлекеттүүлүккө жаңыча көз караш ж.б. темаларга арналган билдирүүлөр болот.

Иш-чараны КР УИА, Абдыкадыр Орозбаков коомдук фонду, КР Президентинин аппаратына караштуу “Мурас” фонду, Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция биргелешип өткөрүүдө.

Жыйынга Жогорку Кеңештен, Өкмөттөн, Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү дирекциясынан өкүлдөрдүн, окумуштуулардын, коомдук ишмерлердин келүүсү күтүлүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу