Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
14/12 10:15
 

153 майып адам компьютерди, тикмечиликти, бычмачылыкты үйрөнүштү

Бишкек, 14-декабрь /Кабар/. Жыл башынан бери 662 майып адам реаблитация курсунан өтүштү, алардын 37си майып балдар. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, комплекстүү реаблитациядан тышкары 153 майып адам компьютерди, тикмечиликти, бычмачылыкты үйрөнүштү.
“Майыптык фактысын аныктоо боюнча күбөлөндүрүүдөн 49127 адам өттү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,02%га (10 адамга) аз. Майып деп табылган жарандар 0,3%га (150 адамга) көбөйгөн, алардын ичинен алгачкы мертебе майып деп таанылган адамдар 5,7%га (577 адам) көбөйгөн, ал эми кайрадан майып деп таанылган адамдар 1,2%га (427 адамга) кыскарган.

Отчеттук мезгил ичинде 31879 майып адам реаблитациянын индивидуалдуу планын толтурушкан, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23233 адамга көп”-деп белгиледи ведомстводон.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу