Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
13/12 17:04
 

“Түндүк электр”: Карызы бар 3 460 абоненттин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрдү

Бишкек, 13-декабрь /Кабар/. Шейшемби күнү, 13-декабрда Кыргызстандын борбор калаасында өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн “акылдуу” аталган эсептегичи орнотулган (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) 3 100 абоненттин электр камсыздоосу дистанциондук түрдө өчүрүлдү. Бүгүн эле, шейшемби күнү эртең менен, төлөм терминалдарынан өз маалында жүргүзүлбөгөн эсептерди төлөгөндөн кийин жарым саат ичинде 1 300 абоненттин электр камсыздоосу дистанциондук түрдө кошулду. Чүй облусунда 360 абоненттин электр камсыздоосу өчүрүлгөн, төлөм жүргүзүлгөн соң алардын 110 кайра электр тармактарга кошулган. Бул тууралуу “Түндүк электр” ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

2016-жылдын 1-декабрына болгон абал боюнча “Түндүк электр” ААК Бишкек шаарындагы турмуш-тиричилик жана өндүрүш абоненттерине 115 миңден ашуун, Чүй облусунда – 34 425 электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасына (ЭКЭАМЧАС) кошулган электр эсептегичтерди орнотту.

ЭКЭАМЧАС эсептегичтери:
• автоматтык түрдө көрсөткүчтү учур чак менен “Түндүк электр” серверине жөнөтөт;
• кубаттуулуктун чегинен чыкса электр энергияны автоматтык түрдө өчүрөт;
• автоматтык түрдө аласа карыз үчүн өчүрүлөт жана төлөм кабыл алынган соң кошулат;
• эсептегич жабдыктын ишине тыштан кирүүгө жасалган аракеттер боюнча автоматтык түрдө маалымдайт.

Эске салабыз, өчүрүлгөн абоненттер өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөрүн төлөр замат дистанциондук түрдө электр камсыздоого кошулат. «Мобильник», «QIWI» төлөм терминалдарынан жана «Айыл Банка» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүк электр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу