Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
13/12 16:29
 

Кыргызстанда 2017-жылдын 1-3-январы дем алуу күндөрү катары жарыяланды

Бишкек, 13-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, 2017-жылдын дем алуу күндөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында иш күндөрүн которуу боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнү аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Токтомго ылайык, беш күндүк жумуш графиги менен иштеп, эки күн эс алган мекемелердин, уюмдардын жана башкармалыктардын кызматкерлери үчүн, 2017-жылдын 3-январындагы иш күнү 2017-жылдын 9-январындагы дем алуу күнүнө жылдырылат.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, майрам күндөрү дем алуу күнүнө туш келсе, дем алуу күнү майрам күнүнөн кийинки жумушчу күнгө жылдырылат. Тийиштүү түрдө, 2017-жылдын 1 жана 7-январы 2017-жылдын 2 жана 9-январына жылдырылат.

Натыйжада, кыргызстандыктар 2016-жылдын 31-декабрында, 2017-жылдын 1,2,3-январында эс алат, ал эми 9-январь жумуш күнү эсептелет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу